“Өнөрлүү өлбөйт” деген кылымдардан келаткан акылман ылакап бар элибизде. Кыргыздын атактуу сүрөтчүсү Күлчоро Керимбеков дал ошондой өлбөс адамдардан болчу. Өлбөйт дегени ушул – бардык мезгилде көрүүчүнү азга да болсо жашоо түйшүгүнөн алаксытып, жүрөгүн ысытып кубануунун ырахатына бөлөй турган ар кандай жанрдагы укмуштай тартылган жандуу сүрөттөрү анын экинчи өмүрү катары түбөлүккө жашап калды. Кыргыз профессионал сүрөт …