АТАКТУУ СҮРӨТЧҮ КҮЛЧОРО КЕРИМБЕКОВ

“Өнөрлүү өлбөйт” деген кылымдардан келаткан акылман ылакап бар элибизде. Кыргыздын атактуу сүрөтчүсү  Күлчоро Керимбеков дал ошондой өлбөс  адамдардан болчу. Өлбөйт дегени ушул – бардык мезгилде көрүүчүнү азга да болсо жашоо түйшүгүнөн алаксытып, жүрөгүн ысытып кубануунун ырахатына бөлөй турган ар кандай жанрдагы укмуштай тартылган жандуу сүрөттөрү анын экинчи өмүрү катары түбөлүккө жашап калды. Кыргыз профессионал сүрөт искусствосуна ал өткөн кылымдын элүүнчү жылдарында келип, анда өз жолун,өзүнүн татыктуу ордун тапкан, абийрин урматтап сактай алган бардык  эле өнөр ээлери сыяктуу ач-тогуна, бар-жогуна карабай, байлык-бийликке да көз  каранды болбой, өзү жараткан көркөм дүйнөсүндөгү теңдешсиз бактысын башкалар менен бөлүшүп жашоону тандагын өзүнчө бактылуу адам эле. Жаштыгын  жаңы эле колуна алып, өзү менен кошо төрөлүп, эс тарта баштагандан бери көңүлүндө жашап келген сүрөтчүлүк кесибине эми-эми киришерде күтпөгөн жерден согуш чыгып, көркөм сүрөт окуу жайынын биринчи курсунда окуй баштаган Күлчорого кыл калемдин ордуна колуна курал кармоого туура келди. Беш жыл бою сыз окоптордо жатып, артеллерист катары душман менен ок атышып, от кечип, кан кечип, ажалга тике карап нечен ирет жарадар болду. Ошентип анын Мекен алдындагы атуулдук жана уулдук милдетин аткаруусу  эң алгач Белорус, Калинин, Ленинград жана 1-Прибалтика фронтторундагы согуш талааларында башталган. Согуш деген согуш, турмуш деген турмуш. Кан күйгөн алааматта жүрүп да баягы көкүрөгүнөн өчпөс өнөр шыгы аны асман тиреген тоолору, алардын үстүндө көчкөн ак буладай булуттар, күркүрөп агып жатчу эпкиндүү дайралар, өзү эркинче оонап өскөн жашыл туландар тарапка алып учуп, асман-жер бир паска тынчый калса эле үзгүлтүккө учураган окуусу жүрөгүн тырмап, эси-дартынан кетчү эмес, “тууган жердин ажарын ойдогудай сүрөткө түшүрөр күнүм болор бекен” деп, муң-кыялга батчу. Согуштагы оор жылдар ошентип өттү.

Айылга кайтып келгенден кийин жыйырма төрт жаштагы Күлчоро айласыздан үзүлгөн окуусун улантуунун жолун издеп, өзүнүн турмуштагы эң ишенимдүү жакын жолдошу Жакүл Кожахметов менен   Самарканддагы сүрөт  көркөм окуу жайына өтүшөт жана бала кезден тартып бул экөөнүн оюн ээликтирип, жүрөгүн козгоп тынымсыз алга сүрөгөн жагымдуу тиричилик кайрадан башталат. Бул жерде алар өз ишин жакшы билген, жаш живописчилердин алдыдагы сүрөтчүлүк тагдырына зор таасир берип алгач ага жол ачкан тажрыйбалуу педагог-сүрөтчүлөрдөн, айрыкча живопись жана композиция боюнча эң жакшы сабак алышты. Ушул бир жыл бул экөөнүн профессионалдык өсүшү менен бирге алардын личность катары калыптанышына да чоң түрткү боло алды.  Күлчоро өзүнүн жашоосундагы ушул бир үзүм мезгилди чыгармачылык өмүр баянынын башталышы катары эсептегени да бекеринен  эместир. Анын Самарканддагы этюддары кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрүнө  көп жолу коюлганын жана көрүүчүүлөрдө жылуу пикир калтырганын көрүп жүрдүк. 

Ал эми Кыргыз сүрөтчүлөр Союзунун чечеми менен келечектүү жана жөндөмдүү жаштар катары К.Керимбеков, Ж.Кожахметов, А.Усубалиев жана А.Молдохматов 1947 –жылы атактуу И.Е.Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтуна жогорку билим алууга жөнөтүлөт. Күлчоро  бул жерде ушул институттун алдындагы студияга кирип, сүрөтчүлүк илимдин бардык сырларын билген атактуу сүрөтчу В.М.Орешниковдун өнөрканасында окуйт. Өтө токтоо, ички-тышкы маданияты зор, тажрыйбалуу жана  кылдат бул педагогдун мектебинен өткөндөн тартып жаш сүрөтчү Күлчородо өзү сүйгөн живопистик  чеберчиликтин сырларын терең өздөштүрүү мезгили чындап башталат. Ал көп окуйт, көп изденет. Ар кайсы жанрдагы картинага негиз болчу турмуштук материалды кылдат талдап, шашпай, жеткире иштөөгө, эскиздерге да көбүрөөк көңүл бурууга үйрөнөт. Орустун реалист –сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын көчүрмөсүн тартуу аркылуу алардын техникасын, чеберчилик ыкмаларын өздөштүрүүгө тырышат. Бул ага жаңы дем, жаңы шык бергендей болот. Натыйжада ал чыгармачылык жаңы өрүштөргө ээ боло баштайт.

К.Керимбековдун сүрөтчүлүк чеберчилигинин бийиктешине анын  СССР сүрөтчүлөр Союзунун чыгырмачылык базасы Палангада, Крымда болушу жана кыргыз жергесиндеги көптөгөн чыгармачылык командировкалары жагымдуу  шарттарды түздү. Күлчоро ал жактардан ар кандай жанрдагы, ар кандай темадагы “Палангадагы бүркөө күн”, “Клайпеда”, “Нида балыкчылар”, “Ай-Петри”, “Чуфут –Кале”, “Нарын дайра”, “Токтогул ГЭСи” сыяктуу кызыктуу, колориттүү сүрөттөр, эттюддар жана көптөгөн эскиздер менен олжолуу кайтчу.

Арийне, жүрөгү жумшак жана назик Күлчоронун сүрөчүлүк жаны- пейзаж. “Бул менин эн күчтүү  сүйүүм” деп айтчу өзү. Ошого жараша ал “Үрмарал”, “Ысык-Көлдөгү күүгүм” “Памир этегинде”, “Шумкар-Уя” сыяктуу адамдарды көркөмдүктүн, тазалыктын керемет дүйнөсүнө чакырган көптөгөн талантуу картиналарды жаратып, кыргыз көрөрмандарына, келечек урпактарга түбөлүк асыл белек калтырып кетти. Ал өзүнүн  сыйкырдуу кыл калеми аркылуу Ата-Журтту, кыргыздын ажайып кооз табигатын, эмгек адамдарын даңазалап өттү. Бир арман – Ал чыгармачылык күчтөн тая  элегинде эртерээк кеткени.

Күлчоро турмушта сыпаа, мүнөзү жумшак, жолдоштукка бекем, ички-сырткы дүйнөсү бай, өтө таза адам болчу. Чынын айтуу керек, айрыкча биздин күндөрдө мындай адамдар сейрек. Эч качан өзүнө көптү талап кылчу эмес. Сөзгө сараң, айтчу сөзүн ал адамдарга ажайып сүрөттөрү  аркылуу айтчу. Күлчоро менен биз бир-бирибизге акыл-кеңеш кошуп, жөлөк-таяк болуп өтө жакын элек. Анын музасы – өмүрлүк жубайы, ай чырайлуу Маргарита-Манзура Керимбекова (менин карындашым – Рита деп эркелетип айтчубуз) профессор, шекспировед – кыргыздын белгилүү кыздарынан болчу. Алардын артындагы экөөнүн жакшы тарбиясында чоңойгон балдары да эл ардактаган ата-эненин аты-жөнүнө татыктуу, эл-жерди кошо ойлогонго жараган эстүү адамдардан болушту. Уулу Айбек–ата кесибин улап сүрөтчү, эки кызы Нур, Асел – илимдин кандидаттары, дипломаттык кызматта, Чынара – искусствонун адамы, музыкант. Мен буларга ата-энеси сыяктуу эле чын дилимден кубанам. Өлбөйт деген ушул.

Кыргыз эл акыны,

                  Сүйүнбай Эралиев,2008

МЕНИН БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ

1954-жылы мени агам Оторбай, Фрунзедеги сүрөт окуу жайына өтөсүң  деп, Фрунзеге алып келди. Ал убакта шаар менен айылдын арасында анчалык деле байланыш жок болчу. Айылдык балдар сүрөттү кандай тартууну билгү деле эмеспиз.  Кыскасы, кудай жалгап окуу жайына өтүп калдым.  Биринчи сүрөт сабагына бизге чаргы бойлуу толугураак келген агай келип кирди. Мен силерге рисунок сабагынан берем деп айтып, менин аты-жөнүм Күлчоро Керимбекович Керимбеков деп айтты. Баарыбыз менен таанышып чыгып, менин жаныма келип “ ой сен аябай эле кичинекей экенсиң, деги канчанчы  классты бүтүрүп келдин, эле деп, тамашалап күлүп койду. Күндөр өтүп, агайдан сабак алып окуп жаттык. Биринчи  сүрөттөң  орто деген баа алдым.  Агай көп нерселерге үйрөтө баштады. Барган сайын  такшалып, көп нерселерге түшүнүп “жакшы”,  “эң жакшы” деген бааларга ээ боло баштадым.  Бул жерде мугалим катары Күлчоро агайдын эмгеги өтө зор. Фрунзедеги училищены бүткөңдөң кийин  1965 жылы агай бүтүргөн  Ленинградтагы Репин атындагы сүрөт институтунун бүтүрүп келип, агай менен кесиптеш болуп сүрөт окуу жайына сабак бере баштадым.

Эгер айта турган болсок, агайдын окуучулары биздин Республикада жүздөп эсептелет. Алардын бир тобу Республикабыздын сүрөт искусствосунда жогорку наамдарга татыктуу болушту. Мисалы: С. Чокморов, В. Буторин, Н. Конгурбаев, С. Торобеков, К. Артыкбаев, Ж. Кадралиев, Т. Байбосунов жана башкалар. Күлчоро Керимбековичтин көп иштери  Кыргыз сүрөт искусствосүнун алтын казынасына кирди.

Бир сөз менен айтканда Күлчоро агайдын Кыргыз сүрөт искусствосуна  сиңирген эмгеги жана жаш сүрөтчүлөрдү тарбиялоодогу сиңирген эмгеги өтө зор.

        Абдырай Осмонов,

                                              Кыргыз эл сүрөтчү,2008

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Change )

Connecting to %s

%d bloggers like this: